24.kg
16:39, 16 июня 2020, 24.kg

Эмилбек Кимсановдун тергөө абагында сабалган видеосу тарады

Жактоочу Назгүл Сүйүнбаева өзүнүн Facebook баракчасына Бажы кызматынын экс-кызматкери Эмилбек Кимсановдун тергөө абагынан сабалган видеосун жүктөдү.

Анын айтымында, ал кечээ Бишкектеги № 1 тергөө абагынан Эмилбек Кимсановдун сабалгандыгы тууралуу далилдерди алган.

«Бул видеодо эки адам Э.Кимсановду катуу ур-токмокко алышканы байкалат. Административдик ресурсту колдонуп, аны тергөө изоляторуна камап, өзүн куугунтукка алып, түрмөгө ыргытып жибергени далил эмеспи? Алар аны ал жактан күтүп алышты, андан соң сабоо учурундагы процесстин баарын видеого тартып өздөрүнүн кожоюндарына жөнөтүштү», — деп жазган Назгүл Сүйүнбаева.

Жактоочунун айтымында, окуя 3-апрелде Эмилбек Кимсановду убактылуу кармоочу жайдан № 1 тергөө абагына алып барган күнү болгон.

Видеодо жабырлануучунун бетин көрүү мүмкүн эмес. Көрсөтүлгөндөй колдору менен капталга, белине уруп жатышкандыктары даана байкалат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18