24.kg
14:45, 16 июня 2020, 24.kg

Вирустун симптомдору байкалбаган бейтаптар үйдөн дарыланышат

Кыргызстанда ооруканалар симптомдору аныкталбаган бейтаптарды кабыл алууну токтотту. Бул тууралуу көпчүлук коалициясынын жыйынында премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, вирус аныкталып, бирок белгилери байкалбагандар өз алдынча үйлөрүнөн дарыланышат.

«Оорулууларды толук кандуу дарылоо үчүн эл аралык тажрыйбалардын негизинде симптомдору аныкталган гана бейтаптарды кабыл алуу чечими кабыл алынды. Ал эми симтомдору аныкталбаган бейтаптар өз алдынча үйлөрүндө дарыланышат жана катуу көзөмөлгө алынат», — дейт Кубатбек Боронов.

Эске сала кетсек, Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 2 миң 472ге жетти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18