24.kg
11:30, 16 июня 2020, 24.kg

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгына мурдакы депутат дайындалды

Эльмира Иманалиева Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу БШКнын социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда маалым болду.

Буга чейин ал парламенттин бешинчи чакырылышынын депутаты, И. Арабаев атындагы КМУда мугалим, Биринчи май райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, парламенттин эксперти, монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиясы кызматтарын аркалап келген. Ал эми 2002-2005-жылдары Биринчи Май жана Ленин райондук администрацияларынын башчысынын орун басары, андан кийин үч жыл Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген.

Элмира Иманалиева буга чейин мэрияда жана анын түзүмдөрүндө эмгектенген. 2008-2010-жылдары Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы, борбор калаанын вице-мэри кызматтарында да иш алып барган.

Эске салсак, өткөн жумада мэрияда бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс болуп өткөн.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18