24.kg
09:04, 16 июня 2020, 24.kg

Өкмөт башчылыгына Кубатбек Боронов көрсөтүлдү. Бүгүн коалициялык көпчүлүк карайт

Премьер-министрдин ордуна вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жогорку Кеңештен билдиришти.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция топтолуп, өкмөт башчылыкка талапкерди карайт.

Өкмөттү эки жыл жетектеген Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ отставкага кетти. Ал радио жыштыктарга байланыштуу чырдан улам 27-майда эмгек эргүүгө чыккан.

Парламент апрель айында өкмөттүн 2019-жылга ишин канааттандырган. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18