24.kg
17:13, 15 июня 2020, 24.kg

Санитардык талапты сактагыла. Бишкек мэриясы акыркы жолу эскертти

Бишкекте санитардык талаптар аткарылбаса шаар кайра жабыларын белгиледи. Бул тууралуу мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев соцтармактагы баракчасына жазды.
 
Ал акыркы эки күндө ордо каалада 98 адам коронавирус жуктурганын белгилейт.
 
«Айтсак жаман көрүп, ишенбей, талаптарга көңүл кош карайсыңар. Эми таарынбагыла. Эл көп жүргөн базар, соода түйүндөр, ресторан жана кафелер, такси жана коомдук транспорт ээлерине акыркы каттуу эскертүү. Санитардык нормаларды сактабагандар жазасын алышат. Мындан да күчөп кетсе шаарды жабабыз», — дейт ал.
 
Бишкекте вирус жуктургандардын саы 845ке жетти.
 
 
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18