24.kg
12:19, 15 июня 2020, 24.kg

Кой-Таш окуясы. Сотто айыпталуучулардын жакындары чыр салышты

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясына байланыштуу соттук териштирүү иши уланышы керек болчу.

Рысбек Карыпбек уулунун адвокаты ооруп калгандыгына байланыштуу соттук отурум болгон жок. Сот тыныгуу жарыялады. Айыпталуучуга башка жактоочу берилет.

Соттун имаратына кире бериште айыпталуучулардын туугандары жаңжал чыгарышты. Милиция кызматкерлери аларга соттук отурум жабык өтөөрун айтышкан, андыктан алар имаратка кирүүгө аракет кылышкан.

Соттолуучулардын тарапташтары, сот имараты жетекчинин жеке менчиги эмес экендигин, анын кесепетинен укук коргоо органдары менен келгендердин ортосунда тирешүү болуп жаткандыгын айтышты. Ошентсе да айыпталуучулардын туугандарынын баары коридорго кирип кетишти.

Эске сала кетсек, Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү иши уланууда. 2019-жылдын 8-9-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш иши тергелип, 14 адамга айып тагылып сотко жөнөтүлгөн. Тергөөдө Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков жана мурунку президент Алмазбек Атамбаев да бар.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18