24.kg
10:46, 15 июня 2020, 24.kg

Жумуш жок. Футбол машыктыруучулары президентке кайрылышты

Футбол боюнча жаштар машыктыруучулары балдар менен машыгууга уруксат берүү өтүнүчү менен президентке кайрылышты.

«Биз экономикалык жактан аябай оор абалда жашап жатабыз, мына үйдө отурганыбызга үч ай болду. Жумуш жок, маяна жок. Ар бир машыктыруучуда үй-бүлө, бала-чака, ата-эне деген бар, алардын баарын жалгыз камсыздагандар да бар», — деп жазган алар.

Алар белгилегендей, машыгууну калтыруу өспүрүмдөргө да терс таасирин тийгизүүдө жана келечектеги өсүүсүнө бөгөт болууда.

«Европада коронавирус илдети жүз миңден ашып жатса да алар алгач спорт тармагын жандандырып жатышат, андан кийин бизнес-проекттер. Биздин өлкөдө биринчи орунда бизнес-долбоорлор ачылды, фитнес борборлор, бассейнер жана спорт залдар, ал эми калган спорттун түрлөрү тыюу салынган бойдон калды», — деп нааразы болушууда.

Машыктыруучуулар, спорт менен машыгууда иммунитет бекемделет, алдыдагы баардык инфекцияга каршы тура алаарын эскертет.

«Салыштыруу иретинде: Казакстанда балдар жана өспүрүмдөрдүн футболдук машыгуусуна уруксат берген, ал эми бизде дагы эле жабык», — дешет алар.

Эске сала кетсек, 8-июндан тарта футболдук клубдарга алдыдагы иш-чараларга жана турнирлерге даярдык көрүү максатында машыгууларды өткөрүүгө уруксат берилген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18