24.kg
10:27, 15 июня 2020, 24.kg

COVID-19. Бишкекте вирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны өсүүдө

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Медицина кызматкерлеринин арасында вирус жуктуруу көбүнчө Бишкек шаарында (12), Чүй облусунда — 3, Ош шаарында— 5, Ош облусунда — 2.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 460 учур катталды, алардын ичинен 354 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Эки дарыгер кайтыш болду.

Өкмөт вирус жуктурган медицина кызматкерлерине 200 миң сом, набыт болгондорго — 1 миллион сом төлөп берет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18