24.kg
10:22, 15 июня 2020, 24.kg

COVID-19. Жумушта, коомдук транспорто жуктуруп алгандар көбөйдү

Бишкекте тобу менен жуктуруп алгандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы катталган 87 учурдун 23үнүн жуктурган жери белгисиз бойдон калууда.

«Тобу менен жуктуруп алгандардын саны көбөйдү. Айрыкча Бишкек шаарында кырдаал курч бойдон калууда. Жумушта, коомдук транспортто жуктуруп алгандар бар», — дейт ал.

Өлкөдө вирус жуктургандардын саны 2 миң 372ге жетти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18