24.kg
09:23, 15 июня 2020, 24.kg

Нарында эми Кара-Кужур жайлоосу талашка түштү

Нарын районунун тургундары эми Кочкорлук чабандардын Кара-Кужур аймагына киришине каршы чыгышты. Кечээ күнү жайлоодо эки тараптын эли чогулду.

Кара-Кужур аймагынын тургундары Кочкор районунун чабандары Кара-Кужур кыштоосуна мыйзамсыз көчүп келишкенин айтышты. Жайлоодо тирешкен элди тынчытуу үчүн күч түзүмдөрү тартылды. 

Эскерте кетсек, эки райондун эли Кум-Бел жайлоосун дагы талашууда. Ал жайлоого көчүп барган Кочкор районунун тургундарын Нарын районунун Жерге-Тал айылынын өкүлдөрү жол тосуп киргинбей коюшкан.

Жайыт маселеси бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде каралат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18