24.kg
09:18, 15 июня 2020, 24.kg

Кыргызстанда 174 бейтап бекер гемодиализ алуучулардын тизмесине кирди

Кыргызстанда бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен өз эсебинен дарыланып келген 174 бейтап бюджеттик каржылоого которулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул каржылоого өкмөт 75 миллион сом бөлгөн.

«Бейтаптар январдан баштап тизмекке турушкан. Алар жарым жыл бою диализди өз эсептеринен алышты. 13-июнда Саламааттыкты сактоо министрлигинде бейтаптарды бюджеттик каржылоого которуу боюнча тандоо комиссиясы болду, 15-июндан тартып алар мамлекттин эсебинен диализ алал алышат», — деп берилет маалыматта.

Кыргызстанда бөйрөгү ооругандар 1 миң 691 адам бюджетик каржылоодо, алардын ичинен 1 миң 408ин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду камсыздайт. Ал эми 283 бейтап мамлекеттик жеке өнөктөштүк багыты боюнча «Фрезениус Медикал Кеа» гемодиализдик борбору тарабынан каржыланып келет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18