24.kg
16:45, 12 июня 2020, 24.kg

Аялынын колун байлап, бетке чаап, муздак суу куйган киши камоого алынды

Социалдык тармактарда бир киши аялынын эки колун унаа дөңгөлөгү менен таңып алып, башына чакалап суу куюп, жаакка чап сабаган видеосу тарады.

Видеодо унаанын дөңгөлөгүнө кирпич салып аялдын эки ийинине илип, эки колун байлаганы көрүнөт. Ошондой эле аялдын башынан ылдый чакалап суу куюп, аны менен катар бир нече ирет аны жаакка чаап, сабаганын көрүүгө болот.

Окуяны видеого таркан аял коркуп, ал кишиден бул кылганын токтотууну суранат, бирок ошол эле учурда окуяны үзгүлтүксүз видеого тарткан.

«Өчүрбө, баарын тарт! Сабак болушу керек», — деп эркек киши буйрук берген.

Заалым киши Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургуну, 51 жашта. Учурда ал убактылуу тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жалал-Абад шаардык ИИБден маалымдады.

Белгиленгендей зомбулуктун курмандыгы болгон аял 47 жашта.

ИИБдин маалыматы боюнча, окуя 8-июнда болгон. Факт Кылмыш-жаза кодексинин «75-үй-бүлөлүк зордук-зомбулук» беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктар реестрине катталды. Кечээ видеодогу каарманды таап, убактылуу кармоочу жайга камашты. Баардык зарыл болгон экспертизалар белгиленди. Тергөө иши жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18