24.kg
16:04, 12 июня 2020, 24.kg

Курсан Асановдун иши. Шектүүлөр коюлган айыпка макул эмес

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда ИИМдин мурдакы орун басары Курсан Асановдун соттук териштирүү иши уланууда.

Териштирүүнүн башында сот Адылбек Эсенбаев, айыпталуучулардан айыптоо актысы менен таанышып чыккандыктарын жана канчалык чындыгы бар экендигин сурады.

Курсан Асанов ага койулуп жаткан айыптардын бирине да кошулбасын билдирди.

«Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков жана мурдакы милиция кызматкери Дамирбек Пайзылда уулу да дал ушундай жоопту узатты.

Курсан Асанов 2019-жылдын 13-августунда кыргыз милициясынын кызыкчылыгына чыккынчылык кылгандыгы жана ишенимин жоготкондугу үчүн кызматтан алынды. Кийинчерээк Аскер прокуратурасы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. 23-августта министрдин мурдакы орун басарынын айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу кармалган. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. 27-августта Курсан Асанов кармалган. Сот үй камагына чыгарган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18