24.kg
15:29, 12 июня 2020, 24.kg

Ализа Солтонбекова: карантин учурунда 838 миң 924 үй-бүлө жардам сурап кайрылды

Карантин жарыялангандан тартып 838 миң 924 үй-бүлө жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова республикалык штабдын маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 1227.tunduk.kg порталы аркылуу гуманитардык жардам сурап 838 миң 924 үй-бүлө кайрылган. Бүгүнкү күндө республика боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жалпысынан 8181,75 тонна ун бөлүнгөн.

«Бүгүнкү күндө 524 мин 645 үй-бүлө азык-түлүк баштыкчалары менен камсыз болду (Анын ичинен жергиликтүү бюджеттен — 64646, демөөрчүлөрдөн — 285111, ЭСӨМдүн депозиттик эсебинен — 26616, Өкмөттөн бөлүнгөн каражаттардан (200 млн. сом) — 148454). Министрликтин алдында депозиттик эсеп алчылган күндөн тартып жалпысынан 17 423 282 сом түшкөн. Анын ичинен комиссиянын чечими менен 16 139 996 сом муктаждарды азык-түлүк менен камсыз кылууга бөлүнгөн. Депозитте калган сумма 1 283 286 сомду түзөт», — дейт Ализа Солтонбекова.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18