24.kg
15:14, 12 июня 2020, 24.kg

«Кайнар» рестораны катуу эскертүү менен жабылды

«Кайнар» рестораны Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Бишкек шаардык мэриясынын көрсөтмөлөрүн аткарбагандыгы үчүн катуу эскертүү менен жабылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине муниципалитеттен маалымдашты.

Маалым болгондой, бүгүн мекемеге үчүнчү ирет айып салынды, ал эми санитардык кайгуул «Кайнар» ресторанын атайын мөөр менен жабуу чечимин кабыл алды.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйынында санитардык норманы сактабаган коомдук транспорт, такси, кафе жана ресторандар жабыларын билдирген.

Эске сала кетсек, «Кайнар» ресторанында кечээ экс-депутат Өмүрбек Бабанов каза болгон эжесинин ашын өткөрүп жаткан. Айып пул салынганына карабастан ресторанда кайрадан массалык иш-чара өткөн.

Санитардык кайгуул буга чейин Centre Bar, Live Bar караоке-барларын, «Ыр Кесе» кафесин жана Boot Camp оюн клубун жапкан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18