24.kg
14:15, 12 июня 2020, 24.kg

Коронавирус өлүмдүн себеби катары күбөлүккө жазылбайт

Коронавирустан көз жумгандардын күбөлүгүнө вирус өлүмдүн белгилүү себеби катары жазылбайт. Бул тууралуу республикалык штабдын ыкчам маалымат жыйынында билдиришти.

Маалым болгондой, каза болгондордун өлүмүнө коронавирус эмес алардын буга чейинки оорулары көрсөтүлөт.

«Каза болгондордун өлүмүнүн себеби катары атайылап «коронавирус» деп көрсөтүлбөйт, анткени ар дайым эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүлүп, бейтаптын оорусунун таржымалы катталат», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, депутат Дастан Бекешов кечээ Жогорку Кеңеште, доктурлар коронавируска чалдыккандар ооруканадан чыккандан кийин күбөлүктөрүндө COVID-19 эмес, башка өпкө оорулары көрсөтүлгөн деп даттанышканын айткан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18