24.kg
11:56, 12 июня 2020, 24.kg

19 жаштагы кыз 1,6 миллион сом алдамчылыкка шектелип камакка алынды

Бишкекте жарандарды 1,6 миллион сомго аладаган деген айып менен шектүү катары 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ИИБдин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, милиция бөлүмүнө бир аял арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде, эки жаран өздөрүн «Форекс» биржа компаниясынын жумушчуларыбыз деп тааныштырышып, бул компанияга акча салса кайра 40-50 пайыз менен пайда табаарын убадалашкан. Ал аял алардын эсебине акча которгондон кийин алдамчылар из жашырып кетишкен.

Photo 166768

Факт Кылмыш жана жоруктар реестрине катталып «204-Алдамчылык» беренеси менен сотко чейинки териштирүү иши жүрүп жатат. Милиция кызматкерлери шектүү катары 19 жаштагы А.Б. аттуу жаранды кармашты.

Биринчи Май райондук сот кызды эки айга № 1 тергөө абагына камады. Дагы бир күбө катары өтүп жаткан Т.М. аттуу жигиттин өздүгү такталды.

Мындан тышкары, дагы 35 жаран ушундай эле арыз менен укук коргоо органдарына кайрылышкан, келтирилген зыяндын көлөмү такталууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18