24.kg
11:26, 12 июня 2020, 24.kg

Дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 7,5 миллионго жетти

Акыркы сутканын көрсөтмөсү боюнча дүйнө жүзүндө 142 миң 39 байтаптан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу онлайн-карта тастыктайт.

Photo 166759

Дүйнө жүзү боюнча жалпы 7 миллион 502 миң 278 адам коронавирус жугузуп алган. Алардын ичинен 2 миллион 23 миң 285 АКШда катталды. Бразилияда — 802 миң 828, Россияда — 501 миң, Улуу Британияда — 292 миң 860, Индияда — 286 миң 605, Испанияда — 242 миң 707 жана Италияда — 236 миң 142.

Коронавирус жалпы 188 өлкөгө жетти.

COVID-2019 вирусунан айыккандардын саны 3,5 миллион адам. Үч күндүн ичинде 77 миң 883кө өстү.
Каза болгондордун саны 421 миң 32ге жетти. Биринчи күндүн көрсөткүчүнө салыштырмалуу 4 миң 916га өстү. Анын ичинде АКШда- 113 миң 818, Улуу Британияда-41 миң 364, Бразилияда-40 миң 919, Италияда-34 миң 167, Францияда-29 миң 349.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 2 миң 166, Казакстанда-13 миң 558, Өзбекстанда-4 миң 623, Тажикстанда-4 миң 763.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18