24.kg
11:11, 12 июня 2020, 24.kg

Мэрия: Бишкектеги түзүмдөрдүн жетекчилигине сынак уланууда

Бишкек шаардык мэрия бош кызмат орундарга ачык конкурс өткөрөт. Мамлекеттик кадр кызматына сынактан өткөн талапкерлер дил баян жазып, маектешүү болот.

Сынак Бишкек шаардык транспорт башкармалыгына, билим берүү, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчылыгына, Октябрь менен Ленин райондорунун акимчилик кызматына, Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын адистигине март айында эле жарыяланган. Коронавирус илдетинен улам тандоо токтотулган.

Конкурстун жүрүшүндө документтерди кабыл алуу жана карап чыгуу, Мамлекеттик кадр кызматында компьютердик тестирлөө, мыйзам боюнча дилбаян жазуу, иш-аракеттердин профилине байланыштуу суроолор болот. Сынактын катышуучулары буларды жакшы билиши керек.

Эске сала кетсек, мурдакы шаардык дене-тарбия башчысы Сауле Мейманова жеке арызынын негизинде жумуштан кеткен. Буга чейин Жемкорлукка каршы кызматы УКМКда Сауле Мейманова жооптуу адамдар менен макулдашып, бюджеттик акчаларды системалуу түрдө бөлүп алууну уюштургандыгын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18