24.kg
10:15, 12 июня 2020, 24.kg

Алтынбек Сулаймонав: КТРК эркин атаандаштыкка чыгып, өзүн-өзү каржыласын

«Бир бол» парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов КТРКнын кемчиликтери тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди.

Депутаттын пикиринде, КТРК реформага муктаж. Аны өзүн-өзү каржылоого өткөрүү керек.  

«Мамлекеттик каналга жыл сайын 400 миллион сом сарпталат. КТРК сапаттуу башкаруу тарабынан жаңы технологиялар менен камсыздалып, жогорку сапаттагы контентти көрсөтүү менен өлкөнүн телекөрсөтүү индустриясынын күзгүсү болуш керек эле. Мамлекеттин камкордугунда болгону жетишет», — дейт Алтынбек Сулайманов.

Депутаттын пикиринде, эгер мамлекеттик канал жеке менчикке өтсө, анда эркин атаандаштык пайда болот. Медиа өнүгөт жана көрүүчүлөр бир тараптуу эле көрсөтүүлөрдү көрбөстөн маанилүү, маңыздуу чыгарылыштарга күбө болмок.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18