24.kg
17:18, 11 июня 2020, 24.kg

Билим министри: быйыл эне тилге өзгөчө басым жасалат

Быйыл Кыргызстанда билим берүү мекемелеринде кыргыз тилге өзгөчө басым жасалат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков парламентте маалымдады.

Анын айтымында, бир гана шаарларда эмес, айылдагы билим берүү мекемелеринде да кыргыз тилине өзгөчө басым жасалат.

«Биз азыр абалды толук анализдеп бүттүк. Өзгөчө бала бакчаларында, мектептерде башка тилде окутууга өтө басым жасалып, мамлекеттик тилге кайдыгер мамиле кылгандар болуптур. Учурда шаардык, райондук билим берүү мекемелери менен чогуу мамлекеттик деңгээлдин сапатын көтөрүү боюнча иштеп жатабыз. Заманбап билим жана улуттук тарбияга өзгөчө басым жасайлы деп жаңы окуу жылына даярдык көрүүдөбүз», — дейт министр.

Белгилей кетсек, депутат Данияр Аттокуров парламенттеги талкуу учурунда, жаш муун эне тилин унутуп бара жатканын, бул көрүнүш шаарда эле эмес, айылдарда да орун алып жатканын айткан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18