24.kg
15:49, 11 июня 2020, 24.kg

Журналистке кол салышты. ИИМ кызматкерлери окуяга кайдыгер карап өтүп кетишкен

Журналист Марат Уралиевге кол салуу учурунда кайдыгер карап, жанынан өтүп кеткен милиция кызматкерлерине чара көрүлөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ИИМдин пресс-кызматкери Бакыт Сейитов билдирди.

Анын айтымында, сот иши Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына тапшырылды.

Photo 166704

«Октябрь райондук Коопсуздук кызматынын кызматкерлери журналисттин жанынан өтүп кетишкен. ИИМ ич-ара иликтөө жүргүзүп жатат », - деди Бакыт Сейитов.

Белгилей кетсек, журналист кол салуу учурунда видеого тарткан, ал видеого ИИМдин машинасы да түшүп калган. Kaktus.media агенттигинин журналисти Марат Уралиев алардан жардам суранганда, кызматкерлер кол салуу болуп жатканын көрүп туруп токтобой өтүп кетишкен.

Эске сала кетсек, бүгүн ММК өкүлүнө «Кайнар» ресторанынын жанынан экс-депутат Өмүрбек Бабановдун күзөт кызматкери кол салган. Мекемеде Өмүрбек Бабановдун каза болгон эжесине аш өткөрүп жаткан, чакырылган коноктордун саны чектелген сандан ашып кеткен. Бул үчүн ресторанга айып пул салынды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18