24.kg
14:38, 11 июня 2020, 24.kg

Марат Мураталиев: эгер эр жүрөк болсоңор келип вирус жуктуруп алгандарды көргүлө

Талас облусу баардык күчүбүздү топтоп 85 күн аймагыбызга коронавирусту жолотпоонун аракетин көрдүк. Бул тууралуу аймактын башчысы Марат Мураталиев брифингде билдирди.

Ал калк арасында коронавирус тууралуу такталбаган маалыматтар таралып жатат, анын кесепетинен жергиликтүү тургундар ишенбей, санитардык талаптарды аткарбай жатышканын белгиледи.

«85 күн ичинде Талас облусунда коронавирус аныкталбаганынан улам айрым жарандар таластыктарга коронавирус жукпайт, бет кап кийбейт жана санитардык нормаларды сактабай деген чечимге келишти. Эгер ушунчалык эле эр жүрөк болсоңор ооруп жаткандарды көргүлө. Сиздерге айтайын бул оору бар. Жугузуп алгандарга аябай кыйын, дене табы 39га чейин көтөрүлөт. Азыр биз баардык күчүбүздү коронанвирусту мындан ары да жайылтпаш үчүн жумшап жатабыз», — дейт Марат Мураталиев.

Анын айтымында, короанвирус аныкталган үч бейтап менен байланышта болгондордун баары такталды. 212 адам анализ тапшырышты.

Эске сала кетсек, Талас облусунда буга чейин вирус катталган эмес. Учурда үч адамдан короанвирус аныкталды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18