24.kg
13:45, 11 июня 2020, 24.kg

Депутат Акылбек Жапаровдун кооптуу демилгеси жоопсуз калды

Жогорку Кеңеште бүгүн «Курал жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү каралууда.  Депутат Акылбек Жапаров чек ара аймактарынын жашоочуларына курал алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуш кылды.

«Болбосо коңшулар бизди миномёт менен жок кылып жатышат, а биздикилер таш менен гана. Бул туура эмес. Жок дегенде аларга мылтык сатып алууга уруксат берсек болмок деп ойлойм. Мындай көрүнүш айрым өлкөлөрдө бар», — дейт Акылбек Жапаров.

Ал эми анын кесиптеши Дастан Бекешов органдарга сыйлык катары берилген куралдарга тынчсызданат. Кыргызстанда жалпы 1 миң 537 курал берилген. Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин айтымында, ал 2015-жылдан бери чет өлкөлүк жарандарга же жарандарга канча сыйлык тапшырылгандыгы жөнүндө маалыматы жок.

2016-жылдан бери укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана атайын кызматтарга гана сыйлык катары ыйгарылып келет.

Депутат Дастан Бекешов ким кандай кызматы үчүн алып жаткандыгы жана канча кызматкер алгандыгы тууралуу баары билиш үчүн тизме түзүп, жарыялап турууну сунуштайт.

Буга карай Алмазбек Орозалиев, сунушка кошулбастыгын билдирип, айрым коопсуздук кызматкерлеринин маалыматтары жашыруун болуп, жалпыга жарыялоого тыюу салынганын айтты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18