24.kg
13:03, 11 июня 2020, 24.kg

Финпол Бишкек-Ош унаа жолунун жетекчисин кармады

Финансы полициясы Бишкек-Ош унаа жолунун Мамлекеттик дирекциясынын башкы директорун, ошондой эле Сосновка жана Кара-Көл туннелдик постторунун башчыларын кармады. Бул тууралуу ЭККМК кабарлады.

Маалымат боюнча, алар дирекциянын бөлүмдөрүндө ири өлчөмдөгү коррупциялык схеманы уюштурган деп шектелүүдө.

«Жеикорлука шектелип, Транспорт жана жолдор министрлигинин структуралык бөлүмдөрүнүн 12 жогорку кызматкери кармалды. Алдын ала келтирилген зыян 20 миллион сомдон ашык. Транспорт министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана башка ведомстволордун жооптуу кызматкерлери коррупциялык схемаларга катыштыгы тууралуу иликтөө иши жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18