24.kg
11:55, 11 июня 2020, 24.kg

Жалал-Абадда психоневрологиялык диспансерде 14 баладан кургак учук аныкталды

Жалал-Абадда психоневрологиялык диспансерде 14 баладан кургак учук аныкталды. Бул маалыматты 24.kg агенттигине Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча облустук борбордун директору Бурулкан Кадырова тастыктады.

Анын айтымында, апрелдин башында ага диспансердин директору кайрылган.

«Ал балдар тамакты аз жеп, арыктай баштаганын жана кургак учукка шектүү экендигин айтты. Мен комиссия түзүп дизпансерге бардык. Биринчи күнү эле төрт баладын кургак учук аныкталды, текшерүүдөн кийин дагы 10 баладан чыкты. Алардын ичинен үчөөнүкү дарылоого болот. Балдар психо-неврологиялык социалдык стационардык мекеменин өзүнчө бөлмөлөрүндө дарыланышат, анткени бардыгынын аң-сезими өрчүбөй калган. Биздин борборго которуу үчүн психиатрдын корутундусу керек. Мен диспансерге эки дарыгерди дайындадым», — дейт Бурулкан Кадырова.

Бурулкан Кадырова балдардын дарыланып жаткандыгын, динамикасы жакшы экендигин белгиледи.

«Учурда алты бала дарылонуунун активдүү фазасын аякташты. Балдардын табити ачыла баштады», — деп кошумчалады.

Психоневрологиялык диспансерде оорунун жугуу себептерин изилдешүүдө.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18