24.kg
10:56, 11 июня 2020, 24.kg

Өзбекстанда «Рутан» дарысы коронавируска каршы колдонмокчу

Өзбекстан «Рутан» дарысын эми коронавируска каршы колдоно баштайт. Бул тууралуу Podrobno.uz жазып чыкты.

Маалым болгондой, аталган дары буга чейин сасык тумоого каршы колдонулуп келген. Бул препарат бир гана Өзбекстан мамлекетине таандык.

«Сасык тумоого каршы «Рутан» дарысын Өзбекстандын Илимдер академиясынын биоорганикалык химия институту иштеп чыккан. Ал кытай илимпоздорунун тестирлөөсүнөн өтүп, жыйынтыгында аны коронавирусту дарылоодо колдонууга болору аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине 19,5 миң таңгак «Рутан» дарысы берилген. 11 миң таңгак Иран мамлекетине жөнөтүлгөн. Булардын баары лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлгөнү айтылды.

Эске салсак, Өзбекстанда алгачкы учур 15-мартта аныкталган. Азыркы тапта вирус жуктургандардын саны 4,5 миңден ашып, анын 3 миңден көбү айыкты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18