24.kg
10:42, 11 июня 2020, 24.kg

COVID-19. Ысык-Көлдө туристтик сезондо лаборатория иштеп баштайт

Ысык-Көлдө туристтик сезонго карата санитардык көзөмөлдү камсыз кылуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдабар» өткөрмө бекетинин ишке киришине байланыштуу Панфилов районунда көчмө лаботария жайгаштырылды. «Аны түнү менен Нарындан алып келип орноттук», — дейт Нурболот Үсөнбаев.

Андан сырткары, Балыкчы жана Каракол шаарларында дагы лабораторияларды ишке киргизүү каралууда.

«Туристтик сезон башталганы турат. Андыктан биз Ысык-Көлгө дагы лаботорияларды ачып, жеринен текшерүү камсыз кылабыз», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18