24.kg
10:13, 11 июня 2020, 24.kg

COVID-19. Таласта дарыгерден кийин дагы эки адамдан вирус аныкталды

2020-жылдын 11-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 36 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Эң көп жуктургандар Бишкек шаарында жашайт (17). Чүй облусунда- 3, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 3, Ош шаарында — 2, Ош облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 1, Талас облусунда — 2 кишиден бир вирус табылды. 

«Таласта дарыгерден аныкталды. Анын жолдошу менен кошунасынан дагы вирус табылды. Бир эле киши өтө көп адам контакта болуп жатат», — Нурболот Үсөнбаев.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин айтымында, Талас облусуна лаборатория жеткирилип, жеринен дарты аныктоо жүрүүдө. 

Өлкө боюнча 2 миң 129 адам коронавирус жуктурду. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18