24.kg
10:02, 11 июня 2020, 24.kg

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда баалар 7 пайызга жогорулайт

2020-жылдын жыйынтыгында баалардын өсүшү 7 пайызды түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын макроэкономикалык саясаты жөнүндө отчетунда айтылат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын биринчи үй айында инфляция 2,4 пайыз болду.

Дүйнөлүк коронавирустун пандемиясынын таралышынан келип чыккан учурдагы ички жана тышкы факторлорду эске алуу менен, Кыргызстандын экономикасында инфляция 2020-жылы жогорку чекке жетип, 5-7 пайыз болот.

«2020-жылы инфляциянын өсүшүнүн негизги факторлору март-апрель айларында өлкөнүн аймактарында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдар режиминин киргизилиши менен шартталган азык-түлүк товарларына суроо-талаптын көбөйүнүшүнө байланыштуу болду. Керектөө бааларынын жогорулашына сомдун АКШ долларына карата алсыз болуусу кошумча таасир тийгизди», — деп баса белгиледи Улуттук банк.

Улуттук банк жылдын аягында (2019-жылдын декабрынан 2020-жылдын декабрына чейин) инфляция болжол менен 7-7,5 пайызга жетиши мүмкүн экендигин белгиледи. 2021-жылы инфляциянын орточо деңгээли 4,3 пайызды түзөт жана жылдын акырына карата болжол менен 3,5-4 пайызды түзөт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18