24.kg
17:29, 10 июня 2020, 24.kg

КТРК «Ата-Мекен» жана «Акшумкар» партияларын чагылдыруу үчүн 176 миң сом алган

«Ата-Мекен» жана «Акшумкар» партияларынын бириккенин КТРКга тартып чыгаруу үчүн 176 миң сом каналдын эсеп бөлүмүнө которулган. Бул тууралуу Жанар Акаев Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, акчаны алгандан кийин каналдын жетекчилери, кеңири маалымат кечки жаңылыктарда чыгат деп ишендиришкен.

«Бирок материал көрсөтүлгөн эмес», — дейт Жанар Акаев.

Азыркы учурда силер башка партиялар жөнүндө ролик тарта баштаган болсоңор, анда мен каналдын жетекчилигин кызматтан кетүүсүн талап кылам.

Депутат башкы директор Жайнак Үсөн уулунун КТРКнын жетекчилигине полдорду сырдап, шыптарын актап, эки айнек терезелерди койушу үчүн шайлабагандарын эскертти.

«Сизде эч нерсе өзгөргөн жок. Ошол эле бир тараптуу берүү», — деп жыйынтыктады Жанар Акаев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18