24.kg
17:06, 10 июня 2020, 24.kg

Жогорку Кеңеш КТРКнын жетекчилигин сынга алды

Депутаттар Коомдук телерадио корпорациясынын жетекчилигин сынга алышты. Жогорку Кеңеште КТРКнын байкоочу кеңешинин отчету талкууланып жатат.

Дастан Бекешовдун айтымында, телеканалдагы көптөгөн материалдар бурмаланган же таптакыр берилбейт. Бул пикирге кесиптеши Рыскелди Момбеков да кошулду.

Ал 5-июнда өлкөнүн абалкы «Ата-Мекен» жана «Акшумкар» партиялары алдыдагы шайлоого бирге аттануу үчүн биригип, маанилүү саясий иш-чара болуп өткөндүгүн эскерди.

«Биз бул тууралуу сюжет тартып көрсөтүүңөрдү сурандык. Бирок силер саясий жарнама катары акча сурадыңар, кийин таптакыр эле баш тарттыңар. Ушундай кантип болсун? Азыр дагы шайлоого чейинки кампаниялар баштала элек, а силер азыртадан эле партиялар менен талапкерлерди ыңгайына карап бөлүп жатасыңар. Мындайга жада калса Акаев менен Карыпкулов (Аманбек Карыпкулов-туңгуч президент Аскар Акаевдин администрациясынын жетекчичи) өздөрүнө жол берген эмес», — дейт Рыскулбек Момбеков.

Ал эми тазабек Икрамов КТРКнын жетекчилигине, позитивдүү көрсөтүүлөрдү берүүнү сунуштады. Анын пикири боюнча көрүүчүлөр терс жаңылыктардан чарчады.

Ошондой эле депутаттар «Биринчи канал. Дүйнөлүк байланыш «ОРТ» жана «РТР-Планета» Россия телеканалдарынын трансляция мөөнөтүн 2023-жылга чейин узартуу маселесин көтөрүштү.

КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, РП РМТР техникалык жабдууга 50 миллион сом (болжол менен ар бир каналга 25 миллиондон 24.kg) сарпталарын айтты. Ошол эле учурда, каналга жыл сайын жарнамадан 58 миллион сом акча түшөт.

«Ошондо сиз мультиплекске төлөйсүз. Сиз жарнамадан анчалык аз акча таап жатам дегениңизге бул жол бербейт», — дейт Дастан Бекешов.

КТРКнын жетекчиси калк арасында телеканалдын талабы күч экенин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18