24.kg
15:44, 10 июня 2020, 24.kg

Муфтият: 11-июнда муктаждарга битир-садака таратылат

Кырыгзстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 11-июнда битир-садакадан чогулган каражатты жардамга муктаждарга таратат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл муфтиятка 300дөн ашуун жаран жардам сурап кайрылган, алардын ичинен эртең биринчи этаптагы 70 жаранга берилет.

«Учурдагы кырдаалдан улам жарандардын социалдык аралыгын сактап, байланышты азайтуу максатында битир-садака алуу үчүн келгендер түзүлгөн тизменин негизинде кезек-кезеги менен үч топко бөлүнөт», — деп айтылат билдирүүдө.

  • Жардамга муктаж, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, I, II, III топтогу жана көзү азиз майыптарга — 2500 сом, 10 килограмм ун;
  • Жашоо шарты начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө — 2 миң сом, 10 килограмм ун;
  • Батирде турган, үй-бүлөлүк социалдык абалы начар жарандарга — 1500 сом, 10 килограмм ун.
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18