24.kg
14:15, 10 июня 2020, 24.kg

Кыргызстанда вируска чалдыккандардын 82си кош бойлуу аялдар

Жалпысынан кош бойлуулар, жаңы төрөгөн айымдар жана ымыркайлар арасында республика боюнча — COVID-19 вирусу тастыкталган 82 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Жалпы санынан бүгүнкү күнгө карата стационарлардан 5 кош бойлуу айым айыгып чыгарылды.

Бишкек шаарында — 11, Ош шаары жана Ош облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 1, Нарын облусунда — 5 кош бойлуу аялдан вирус аныкталды. 

Жаңы төрөгөн айымдардын Ош шаары жана Ош облусунда (Ош шаардык перинаталдык борбору) — 38 аял, Нарын облусунда — 11 аял вирус жуктурду. 

Вирус Бишкек шаарында 1, Ош шаары жана Ош облусунда (Ош шаардык перинаталдык борбору) — 12 ымыркайдан табылды. 

Өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 2 миң 93, анын ичинен айыккандардын саны 1 миң 572.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18