24.kg
14:05, 10 июня 2020, 24.kg

Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 13 миңден ашты

Коңшу мамлекет Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 13 миң 74кө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, жалпы 13миң 74 адамга вирус жукса, алардын ичине 61 бейтап көз жумган.

Коронавирустан айыккандардын саны — 8015. Дарыланып жаткандардын саны — 1969.

Коңшу өлкөнүн Алматы, Атырау, Мангистау, Шымкент жана Түркстан аймактарында эпидемиологиялык абал туруктуу болбой жаткандыгына байланыштуу кайрадан карантиндик тартип күчөтүлдү.

Эске сала кетсек, Казакстанда алгачкы учур Алматы калаасында катталган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18