24.kg
13:24, 10 июня 2020, 24.kg

Ош базары дагы жабылышы мүмкүн

Бишкек шаарындагы Ош базары дагы жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу брифингде ордо кааланын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, базарларда вирус жуктуруп алган адамдардын саны көбөйүүдө.

«Коронавирус инфекциясын жугузуп алган жарандардын көбөйүп жатканына байланыштуу, Шаардык санэпидкөзөмөл борборунун сунушу менен Орто-Сай базарынын иши 10 -июндан 13-июнга чейин дезинфекциялоо чаралары үчүн убактылуу токтотулду. Азыркы күндө Ош базарын дагы жабуу маселеси каралууда», — деди вице-мэр Азиз Алымкулов.

Ошондой эле, «Centre Bar» жана «LIVE BAR» караоке-барларынын, «Ыр Кесе» кафесинин, «BootCamp» компьютердик оюн клубунун иштери токтотулду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18