24.kg
13:14, 10 июня 2020, 24.kg

Таластагы вирус аныкталган дарыгер 239 адам менен байланышта болгон

COVID-19 вирусу аныкталган дарыгер 239 адам менен байланышта болгон. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Талас облусунда коронавирус илдетине чалдыккан алгачкы учур дарыгерден аныкталды. Аны менен байланышта болгон 239 адамдан ПЦР-анализ алынды. Алардын ичинен 204үнүн жыйынтыгы жакшы чыкты, дагы 35 жарандын анализи чыга элек.

«Аймактын бардык тургундарын өздүк гигиенаны сактоону сунуштайм. Коронавирус менен күрөшүү үчүн жашоочулардын өздөрүнөн чоң жардам керек. Баардык мамлекеттик мекемелерде дезинфекциялоо жүрүп жатат. Коомдук жайларга чыгууда сөзсүз бет кап кийип, антисептик колдонуу керек. Вирусту жеңүү үчүн күчүбүздү топтоп күрөшүүгө азыр деле кеч эмес», — дейт Марат Мураталиев.

Бүгүнтөн баштап аймактагы тартиптер күчүнө кирет. Санитардык норманы жана тартипти сактабаган мекекмелер, уюмдар жабылат.

Эске сала кетсек, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Республикалык штабдын 10-июнга карата маалымат жыйынында Талас облусунда дарыгерден коронавирус аныкталганын билдирген. Буга чейин Таласта вирус катталган эмес.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18