24.kg
11:49, 10 июня 2020, 24.kg

Бишкекте Жорж Флойдду колдоо митингине бир адам келди

Бишкек шаарында бүгүн афроамерикалык Жорж Флойдду колдоо митинги өтөөрү маалым болгон, бирок акцияга бир эле адам келди.

Активист Денис Реут Горький аянтына жалгыз пикетке чыгып, өзүнүн жарандык позициясын билдирди.

«Мен бул жерге өз каалоом менен келдим. Митинг болорун социалдак тармактардан көргөм. Бирок көрүп жатканыңыздардай эле эч ким келген жок. Мамлекет тарабынан мыйзамсыз зордук-зомбулукка дүйнөнүн баардык булуң-бурчунда жол берилбейт деп ишенем: Америкада, Кыргызстанда жана башка баардык өлкөлөрдө», — дейт ал.

Акциянын тартибин көзөмөлдөө үчүн үч милиция кызматкери келген.
Уюштуруучулар коопсуздук максатында жана провокациянын алдын алуу үчүн митингди өздөрү токтотушкан.

Эске сала кетсек, 25-майда 46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойд полицияга кармалып, милиция кызматкеринин колунан көз жумган. Анын өлүмүнө байланыштуу акциялар окуя болгон Миннеаполис шаарында башталган. Тез арада АКШ аймагына, андан соң башка мамлекеттерге да жайылууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18