24.kg
11:27, 10 июня 2020, 24.kg

Мектептеги дааратканалардын аянычтуу абалы. Мэрия 25, 6 миллион сом которгон

Бишкек шаарынын мэриясы мектептер менен бала-бакчалардын дааратканасын оңдоп-түзөө үчүн  шаардык бюджеттин эсебинен 25,6 миллион сом бөлгөн. Бул тууралуу мэриянын пресс-кызматы билдирди.

2020-жылы 20 мектепте жана 2 бала бакчада 79 ички жуунучу бөлмөнү оңдоо пландалган.

Жалпысынан билим берүү мекемелериндеги 179 даараткана капиталдык оңдоого муктаж.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 2016-жылдан бери жуунучу бөлмөлөрдүн аянычтуу абалын көтөрүп келишет. Буга чейин алар мэрияга, мектептердин дааратканаларына көзөмөл жүргүзүп, алардын канчасы оңдоп-түзөөгө муктаж экендиги тууралуу маалымат берүүнү тапшырышкан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18