24.kg
10:58, 10 июня 2020, 24.kg

Жогорку Кеңеште китепкана кызматкерлеринин айлык акысы талкууланууда

Парламентте «Китепкана иши жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланып жатат.

Документ боюнча, Улуттук китепкананын жетекчилеринин маянасы мамлекеттик кызматчылардын жогорку категориясынын адисинин маянасына барабар деп айтылат. Бирок, бул кызматкерлер мамлекеттик реестрге киргизилген эмес. Мамлекеттик кызматкерлер тизмеге китепканачыларды киргизип, алардын маяналарын 180 пайызга көтөрүүнү суранышууда.

Депутат Дастан Бекешовдун айтымында, бүгүнкү күндө китепкананын катардагы кызматкери 5 миң сом, ал эми башчысы 10 миң сом айлык алат.

«Бул уят жана шермендечилик! Китепканачылар мындай тыйынга кантип күн кечирип жаткандыктарын аткаминерлер элестетип көрдү бекен», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ар кандай түрдөгү жана профилдеги 1 миңден ашык китепканалар бар. Республиканын китепканалык фонду 19 миллиондон ашык нускадагы китептер жана брошюралардан турат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18