24.kg
10:28, 10 июня 2020, 24.kg

СOVID-19. Кыргызстанда вирус жуктурган медиктердин саны 409га жетти

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында — 1, Чүй облусунда — 3, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 1 медицина кызматкеринен вирус аныкталды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 409 учур катталды, алардын ичинен 294 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18