24.kg
10:12, 10 июня 2020, 24.kg

СOVID-19. Ооруканадан 89 бейтап айыгып чыгып, экөө кайтыш болду

Бир сутка ичинде коронавирус жуктурган 89 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында — 15, Чүй облусу — 59, Ош шаарында— 1, Нарын облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 1.

Чүй жана Жалал-Абад облусунда вирус жуктурган эки киши набыт болду.

Алардын бири 1950-жылы төрөлгөн Кара-Балта шаарынын тургуну.

«Карадоо эки тараптуу плевмания табылып, андан сырткары, кант диабети, жүрөгү, өтүндө илдеттен аныкталды. Коронавирус эски ооруларын козгогон. Абалы начарлап, көз жумду», — деди Нурболот Үсөнбаев.

Жалал-Абад облусунун тургуну 72 жаштагы аял киши дагы көз жумду. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18