24.kg
10:08, 10 июня 2020, 24.kg

СOVID-19. Таласта 1 кишиден вирус аныкталды

10-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 38 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында — 19, Чүй облусунда — 6, Нарын облусунда — 1, Ош шаарында — 6, Ош облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 2, Талас облусунда — 1 киши вирус жуктурду.

«Жети учур чет өлкөдөн келген жарандардан жана 24 учур медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталган. Калган 7 учурдун жугузуп алган шарттары белгисиз», — дейт ал.

Талас облусунда бейтапканада иштеген медициналык кызматкер вируска шектелип жатканы буга чейин айтылган.

10-июнга карата вирус жуктургандардын саны 2 миң 93 кишиге жетти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18