24.kg
17:25, 09 июня 2020, 24.kg

Президент 2020-жылдын бюджеттик мыйзамына кол койду

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын 2020-жылга жана 2021-2022-жылдарга карата республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалым болгондой, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 21-майында кабыл алынган.

Өлкө башчы Кыргызстандын республикалык бюджетин 2020-жылга карата 135 миллиард 346,8 миллион сом кирешеге жана 163 миллиард 39 миллион сом өлчөмүндөгү чыгашага кол койду. 2020-жылга республикалык бюджеттин максималдуу тартыштыгы 27 млрд 692,2 млн сом өлчөмүндө белгиленген.

«Коронавируска каршы карантиндик иш-чараларга байланыштуу республикалык бюджеттин учурдагы аткарылышын жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшүн эске алуу менен 2020-жылга республикалык бюджеттин параметрлери кайрадан каралды. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет », - деп айтылат билдирүүдө.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18