24.kg
16:08, 09 июня 2020, 24.kg

Тарых музейин оңдоо. Сапар Исаков 18 жылга эркинен ажыратылды

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков 18 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо боюнча козголгон кылмыш ишин кароо учурунда сот өкүм чыгарды.

Сот Сапар Исаковду күнөөлүү деп таап, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “319- Коррупция” беренесинин негизинде 18 жыл эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялады.

 Аны менен катар экс-премьер-министр 247 миллион 281сом мамлекетке карыз. 

Ал эми президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурунку башчысы Мира Карыбаеваны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «320-Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап мамлекетке 260 миң сом төлөө өкүмү чыкты. 

Эске салсак, 2018-жылдын июлунда Башкы прокуратура Мамлекеттик тарых музейинин имаратын реконструкциялоо жана жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекетке келтирилген зыян 307 миллион 650 миң сомду түзгөн.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18