24.kg
13:57, 09 июня 2020, 24.kg

Бала-бакча кызматкерлери мүлк формасына карабастан акысыз тест тапшыра алышат

Бала-бакчалардын кызматкерлерине лабораториялык диагностика жүргүзүү мүлк формасына карабастан акысыз болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык кызматкерлери алгач коронавируска карата ПЧР-диагностикадан өтүшү керек.

«ПЧР-диагностикасынан өткөрүүдө Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 6 кызматкеринен коронавирус табылгандыктан, азыркы учурда бала бакчаларды ачууга даярдык иштер жүргүзүлүүдө», — деп берилет маалыматта.

Аны менен катар, Мамсанэпид көзөмөл борбору мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын балдарды кабыл алуу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп, санитардык жазма буйруктарды беришет. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тийиштүү санитардык нормалар (санитайзер, дез.килем орнотуу, термометрия ж. б.) шаардык санэпид көзөмөл борборунун адистери балдарды кабыл алуу үчүн тиешелүү бекитилген алгоритмдин негизинде уруксат беришет.

Эске сала кетсек, аймактардагы бала бакчалардын кызматкерлери тестти акчасына тапшырып жатышкандыктарын айтып нааразы болушкан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18