24.kg
13:44, 09 июня 2020, 24.kg

Коронавирус менен күрөшүү үчүн 53 миллион сом чогулду

Коронавирус инфекциясы менен курөшүүгө мамлекеттик компаниялар тарабынан көрсөтүлгөн жалпы жардамдын суммасы 53 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Жылдызбек Исакулов маалымдады.

Анын айтымында, 24 миллиону акчалай которулган.

«Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө мамлекеттик компаниялар тарабынан көрсөтүлгөн жалпы жардамдын суммасы 53 миллион сомду түздү. Алардын ичинен акчалай жардам 24 миллион сом, азык-түлүк тибиндеги жардам 29 миллион сомду камтыды», — дейт Жылдызбек Исакулов.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавирус катталгандан тартып ишкерлер, депутаттар жана активисттер акчалай жардам көрсөтүп башташкан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18