24.kg
13:24, 09 июня 2020, 24.kg

Бишкек жолдорун оңдоо. Июндун аягында экинчи фаза үчүн тендер ачылат

Бишкек жолунун экинчи фазасын оңдоп-түзөө иштерине «Бишкек көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун негизинде 29-июнда тендер жарыяланат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аынын айтмында, оңдоп-түзөө иши ушул жылга пландалууда.

Бишкек шаарынын мэриясы 2019-жылдын июнь айында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик иш сапарынын алкагында долбоорду ишке ашыруу жөнүндө протоколго кол коюлгандыгын белгиледи.

«COVID-19 пандемиясына байланыштуу жумуш баштала элек. Жолдорду куруу үчүн кытай компаниялары арасында дагы бир ирет конкурс жарыяланды», — деп кошумчалады мэр.

Эске салсак, долбоордун экинчи фазасынын алкагында 5 көпүрө куруу жана узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 жолду оңдоо пландалууда, көчөлөрдүн көбү турак жайларда жайгашкан.

Оңдоп-түзөө иштери кытайдын гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18