24.kg
11:02, 09 июня 2020, 24.kg

Дарыгерлер эскертет: бет капты колуңуз менен кармабаңыз

Бет капты кийгенден кийин кармалоого болбойт. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалымат жыйынында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкова билдирди.

Анын айтымында, бет капты кийгенден кийин кол менен кармалоого болбойт.

Photo 166368

«Бет капты колу менен кармалай бергенден COVID-19 илдети жугуп калуу коркунучу бар. Беткапты туура колдонуу керек. Алар коргоо чараларынын комплексинин бир бөлүгү болуп саналат, аралыкты 1,5-2 метр сактоо жана кол гигиенасын таза кармоо абзел», — дейт Назира Артыкова.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавирустан көз жумгандар менен жугузуп алгандардын саны карантин учурунан көп катталууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18