24.kg
10:04, 09 июня 2020, 24.kg

Кайнак суу куюп, тепкилеген. Мыкаачылык менен аялын өлтүргөн кишиге өкүм чыкты

Баткен райондук сот аялын мыкаачылык менен өлтүргөн 31-жаштагы күйөөсүн күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө жарыяланды.

Документте көрсөтүлгөндөй, 2020-жылдын январында 31 жаштагы жаран аялын аёосуз сабап өлтүрүп салган. Тергөөнүн билдирмеси боюнча, каргашалуу күнү алар ата-энесиникине барып келүүнү пландашкан. Бирок бир нече убакыттан соң күйөөсү үйүнө мас абалында келип балдарын, аялын алып жолго чыккан. Жолдо бара жатып унааны токтотуп балдарынын көзүнчө аялын сабай баштаган.

«Аялын ур-токмокко алгандан кийин жолдон артка кайтып үйлөрүнө келишкен. Балдарын бөлмөгө жайгаштырып коюп аялын кайрадан сабап баштаган. Ал аялын көзүнө чөп салып жүрөсүң деп күнөөлөгөн. Аялынын бутуна кайнак суу куюп, андан соң эсин жоготкончо тепкилеген. Бир нече убакыттан кийин Ш.А. кийимин которуп, аялынын жансыз денесин унаасына салып алып ооруканага барган. Ал эми медиктерге аялынын зоб оорусунан улам эсин жоготуп койду деген», — деп жазылат өкүмдө.

Сот процессинде кунөөлүү баардык күнөөлөрүн мойнуна алды. Анын айтымында, окуя болгон күнү аялы жарым саатка бир жака барып келген. Ал аны көзүнө чөп салып жүрөт деген таризде өзүн кармана албай ур-токмокко алган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18